• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Атамбаевдин кармалышы: Атайын даярдыктагы бир аскерге ок тийген

Кырсык 0

Бишкек, 07.08.19. /Кабар/. Саат 22:50гө карата атайын даярдыктагы бир аскерге ок тийген. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек шаарынын Ыкчам медицина борборунун директору Искендер Шаяхметовго шилтеме берип маалымдады.

"Үйдөн аскер октору менен атып жатышат, атайын даярдыктагы аскердин төшүнө ок тийген. Тийген ок бронежилетти тешип кеткен", — деп айтылат билдирүүдө.

Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, саат 22:30га карата Бишкек шаарындагы жана Чүй облустук ооруканага жаракат алган 10 адам жеткирилген.

Эске сала кетсек, Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий