• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Атамбаевдин маалымат жыйыны президент өлкөдөгү абалды жакшы билерин көрсөттү

Саясат 0

Бишкек, 20.11.17 /Салтанат Абдраева – Кабар/. Атамбаевдин маалымат жыйыны президент өлкөдөгү абалды жакшы билерин көрсөттү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине саясатчы Марс Сариев билдирди.

Саясатчынын айтымына караганда, бүгүн Атамбаевдин президенттик кызматындагы журналисттер менен болгон акыркы маалымат жыйыны өттү.

“Менимче ал саясатта эле калат жана салмактуу, чечүүчү фигура болот. Маалымат жыйындын жүрүшү толугу менен ага күбө болду”,-деп ойлойт Сариев.

Ал билдиргендей, Атамбаев жыйында өзүн ишенимдүү сезди. Саясатчынын оюнда, президенттик мезгил аяктагандан кийин, ал саясаттан кетпейт.

“Мамлекет башчынын жооптору чын жана конкреттүү болду. Ал эмоционалдуу адам катары ачык-айкын жооп берип жатты. Жоопторунда ал кетүүнү каалап жаткандыгы байкалган жок. Журналисттер канааттанды жана президент өзүн ишенимдүү сезди”,-деди ал.

Эске сала кетсек, бүгүн Алмазбек Атамбаевдин президенттик кызматтагы акыркы маалымат жыйыны болду. Жыйын дээрлик эки саатка созулду. Маалымат жыйынга 70 ММКдан дээрлик 180 жакын журналист катышты, алардын ичинде чет өлкөлүк ЖЧМ өкүлдөрү да бар.

Пикир

Оставить комментарий