• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Атамбаевдин салттуу жайкы басма сөз жыйыны өткөрүлдү

Президент 0

Бишкек, 24-июль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-июлда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы Мамлекеттик резиденцияда салттуу жайкы басма сөз жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

“Суроо-жооп” форматында өткөрүлгөн иш чара үч сааттан узакка созулду. Басма сөз жыйынына 70тен ашуун журналисттер, саясатчылар жана алдыңкы медиа эксперттер катышышты.

Мамлекет башчысы басма сөз кызматкерлеринин 60 жакын суроолоруна жооп берди.

Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Президент Алмазбек Атамбаев алдыдагы президенттик шайлоолор тууралуу өз оюн айтып, анын жыйынтыгы кандай болсо дагы кабыл алаарын баса белгиледи. “Добуштарды эсептөө таза жүргүзүлөөрүнө биз кепилдик беребиз. Ал эми айрымдар өз добушун сатаары – бул башка нерсе. Биз бул жагдайда эмне кыла алабыз? Биз эл арасында жоопкерчиликти толук ойгото алган жокпуз”, -деди Мамлекет башчысы. - Мен бийликти тынч өткөрүп берүүгө кепилдик берем. Өлкөбүз бүгүн өзгөрдү”.

Президент энергетикалык көз карандысыздыкты жана жолдордун курулушун өлкөбүздө ишке ашырылып жаткан эң олуттуу долбоорлордун бири катары атады. “Жолдор жана күчтүү энергетикасыз экономиканы өнүктүрүү мүмкүн эмес”, -деди Алмазбек Атамбаев. Президент өз жолун тапкан өлкөнүн келечеги үчүн санаасы тынч экендигин баса белгиледи.

Басма сөз жыйынынын жүрүшүндө Президент ошондой эле өлкөдөгү диний кырдаал, радикализмге каршы күрөшүү, эл аралык мамилелер, Алтай цивилизациясы тууралуу идеяларды мындан ары жылдыруу боюнча айтып, келечек пландары тууралуу ой бөлүштү.

Пикир

Оставить комментарий