• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Атамбаевдин төрагалыгы алдында Коопсуздук кеңешинин жыйыны өткөрүлдү

Президент 0

Бишкек, 17-июль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында бүгүн, 17-июлда, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны өткөрүлдү. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жыйынды ачып жатып Мамлекет башчысы жыйындын күн тартибинде биринчи болуп абдан маанилүү маселе - Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу боюнча чаралар тургандыгын белгиледи. Президент Алмазбек Атамбаев жол-транспорттук кырсыктардын саны өсүшүнө байланыштуу түзүлгөн кырдаал, айрыкча анын кесепетинен балдар каза болуп жатканы, кардиналдуу жана принципиалдуу чечимдерди кабыл алууну талап кылып жаткандыгын баса белгиледи.

Жеңиш Разаков Коопсуздук кеңешинин катчылыгы, Өкмөт жана жарандык коомдун өкүлдөрү тарабынан иштелип чыккан жол коопсуздугу системасын реформалоо боюнча комплекстүү чаралардын долбоорун сунуштады. Документ 6 блоктон турат жана төмөндөгүлөрдү камтыйт: жол коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндө процессти башкарууну автоматташтыруу, башкаруучулук, мыйзамдык чаралар, жол инфраструктурасынын маселелери, маалыматтык кампанияларын өткөрүү жана калктын маалымдуулугун арттыруу.

Докладды талкуулоонун жүрүшүндө Президент Алмазбек Атамбаев өлүмгө алып келген жол кырсыгын жасаган айрыкча мас абалындагы айдоочуларга карата жоопкерчиликти катуулатуу зарылчылыгын белгиледи. Мамлекет башчысы мындай айдоочуларга карата жаза сөзсүз колдонулушун камсыз кылуунун маанисин баса белгиледи. “Алтын” жаштар адамды өлтүрүп алып, ата-энеси акча берип түрмөдөн алардын башын арачалай албайт деп билгидей болсун. Мас айдоочулар –жанкесер канкорлор. Мас абалында жол кырсыгын жасап, адам өлүмүнө себепкер болгон айдоочулардын жоопкерчилигин катуулатыш керек”,-деди Мамлекет башчысы.

Президент жолдордогу коопсуздукту жогорулатуу боюнча сунушталган чараларды толук жана сапаттуу ишке ашыруу үчүн финансылык каражаттарды издеп табуу зарылдыгын айрыкча баса белгиледи.

Талкуунун жүрүшүндө Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү дагы автомектептердеги билимдин сапаты боюнча маселени көтөрүп чыгышты. Тактап айтканда «Республика-Ата-Журт» фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов автомектептердин бүтүрүүчүлөрүнүн билимин көз карандысыз текшерип жана баа берип, айдоочуларды даярдоонун деңгээли төмөн автомектептердин лицензиясын алып коюуну сунуштады.

Мындан тышкары Президент Алмазбек Атамбаев жана Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү жол кыймылын башкаруунун борборлоштурулган автоматташтырылган системасын түзүү менен автожолдордо жол жүрүү эрежелерин бузууларды видеофиксациялоо үчүн камераларды орнотуу үчүн өлкөбүз боюнча комплекстүү жана бирдиктүү программаны тездетип ишке киргизүү үчүн «Альфа Телеком» ЖАКты сатуу аркылуу каражат табуу зарылчылыгын баса белгилешти.

Айтылган сунуштарды жана пикирлерди эске алуу менен, Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү жол коопсуздугунун системасын реформалоо боюнча чаралардын комплексин колдоо тууралуу чечим кабыл алышты.

Күн тартибиндеги экинчи маселе боюнча “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу системасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар тууралуу” доклад менен өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов чыгып сүйлөдү.

Маселени талкуулоонун жүрүшүндө Президент Алмазбек Атамбаев турак жайды табигый кырсыктардан жана өрттөн камсыздандыруу боюнча Өкмөттүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин катуу сынга алып, жараксыз деп атады. Мамлекет башчысы жаратылыш кырсыктарынан турак жайды калыбына келтирүү үчүн камсыздандыруу системасынын шайкеш ишин камсыз кылуу зарыл экендигин баса белгиледи. Президент бул маселе Өкмөттүн күн тартибиндеги өзгөчө контролдо болуп, ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын конкреттүү жетекчилери жарандардын турак жайын, айрыкча коркунучтуу аймактардагы турак жайын камсыздандыруу үчүн жеке жоопкерчилик тартаарын белгиледи.

Талкуунун жүрүшүндө Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү тарабынан мектептерди куруудагы коопсуздук боюнча талаптарды кайра карап чыгуу тууралуу сунуштар айтылды.

Бул маселе боюнча талкуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын жарандык коргоо системасынын үзгүлтүксүз, сапаттуу, натыйжалуу ишине багытталган бир катар чараларды иштеп чыгып, жүзөгө ашыруу, ошондой эле турак жайды табигат кырсыктарынан камсыздандыруу боюнча ишти активдештирүү сунушталды.

Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү “Кыргыз Республикасынын стратегиялык обьектилеринин тизмесине сунуштамалар тууралуу” маселени карашып, тиешелүү чечим кабыл алышты.

Пикир

Оставить комментарий