• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Атамбаевдин төрт тарапкеринин баш коргоо чарасы узартылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.10.19. /Кабар/. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары – Алга Кылычев, Фарид Ниязов, Марат Шаменов жана Амантур Жамгырчиевдердин баш коргоо чарасы узартылды. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине Биринчи май райондук сотунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бардык айыпталуучулар үстүбүздөгү жылдын 9-декабрына чейин камакта калмай болушту.

Эскерте кетсек, 7-август күнү кечинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоого багытталган атайын операциянын жүрүшүндө күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында 46 жаштагы атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери каза болуп, 40тан ашык киши ар кандай жаракат алган.

8-август күнү күч түзүмдөрү Атамбаевдин анын Кой-Таштагы үйүнөн кармап, ал УКМКнын тергөө абагына 26-августка чейин киргизилген. 20-август күнү Биринчи май райондук соту Атамбаевдин баш коргоо чарасын тандап, аны камак артында 26-октябрга чейин калтырган.

Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары – Алга Кылычев, Фарид Ниязов, Марат Шаменов жана Амантур Жамгырчиевдер КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандык”, “Адам өлтүрүү” жана “Барымтага алуу” беренелери боюнча айыпталууда.

Ал эми Атамбаев өзү бир катар кылмыштар боюнча айыпталууда. Атап айтканда, Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо коррупциялык схемаларды түзүү, кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз абактан бошотуу, ЖЭБге көмүр сатып алуудагы коррупция, Кой-Таш айылында жерлерди мыйзамсыз трансформациялоо жана алуу ж.б.

Пикир

Оставить комментарий