• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Атамбаевдин жыйынтыктоочу маалымат жыйыны аяктады

Президент 0

Бишкек, 20.11.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Алмазбек Атамбаевдин жыйынтыктоочу маалымат жыйыны аягына чыкты.

Журналисттер менен болгон баарлашуу 2,5 саатка созулду. Бардыгы болуп маалымат жыйында ЖМКнын 140 өкүлү катышты.

Журналисттер ар кайсы темадагы суроолорду узатышты. Эң актуалдуу суроо Кыргызстан менен Казакстандын мамилелери тууралуу болду.

Жыйындын аягында Атамбаев журналисттерге ыраазычылык билдирип, өзүнүн айрым учурдагы кескин аракеттери үчүн кечирим сурады.

“Менимче кийинки президенттер дипломатиялуу болот го дейм. Акыркы алты жыл абдан оор болду”,-деди ал.

Мамлекет башчы журналисттерге жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековго бир аз убакыт берүүгө чакырды.

“Андан көрө жаш өкмөттү түрткүлөгүлө”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий