• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Атамбаевге улуттук валютаны алмаштыруу курсунун кескин өзгөрүшүнө жол бербөө иштери тууралуу маалымдалды

Президент 0

Бишкек, 11.11.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 11-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Кубанычбек Кулматовду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына улуттук валютаны алмаштыруу курсунун кескин өзгөрүшүнө жол бербөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жана көрүлүп жаткан чаралар, банк жана төлөм системаларынын коопсуздугун камсыз кылуу жана инфляциянын деңгээлин ооздуктоо боюнча көрүлүп жаткан аракеттер туурасында маалымат берилди.

Президент Алмазбек Атамбаев жарандардын жана ишкерлердин кызыкчылыктары үчүн финансылык ресурстарды натыйжалуу мобилизациялай турган өлкөнүн финансылык-кредиттик мекемелеринин туруктуу жана ишенимдүү иштешинин маанисин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий