• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Атамекендик көрсөтүүлөрдүн жана контенттердин 50%ы мамлекеттик тилде болуусу керек

Коом 0

Бишкек, 16.02.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Интерньюс өкүлчүлүгү менен биргеликте телекөрсөтүү тейлөө кызматынын өкүлдөрү жана медиа-коомчулук менен коммерциялык пакеттеги жана Социалдык пакеттеги телеканалдардын жер үстү менен берилүүчү санариптик телерадиоберүүлөрдү эфирден көрсөтүүгө “РМТР РӨБ” ААКнын кызматтары үчүн баанын келип чыгуусун талдоо жүргүзүү максатында жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары А.Темирбекова жолугушуунун катышуучуларынын алдында сөз сүйлөп жатып, аталган демилге КР санариптик көрсөтүү форматына толук өткөндүгү жана тармактык мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилгендиги себеп болгонун белгиледи.

"КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги “РМТР РӨБ” ААКга Социалдык пакеттеги телеканалдардын көрсөтүү кызматтары үчүн баанын түзүлүшү тууралуу маселелерди бир нече жолу көтөргөн. Социалдык пакеттеги телеканалдарды көрсөтүү үчүн төлөмдөр республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт. Санарипке толук өтүү менен, көрсөтүүнүн техникалык компоненттерине чыгымдар оптималдаштырылат деп болжолдонгон, бирок биз республикалык бюджетке жүктөмдөрдүн азайышын көрбөй жатабыз. Азыркы күнгө, ата мекендик телерадиоканалдар кыйынчылыктарга туш болуп жатышат, анын ичинде мыйзамдык ченемдерди аткарууда, милдеттүү түрдө ата мекендик көрсөтүүлөрдүн жана контенттердин 50 % көлөмдө мамлекеттик тилде болуусу керектиги шартталган. Телерадиоберүү чөйрөсүндө реформанын маселелеринин бири – телеберүү контентинин сапатын жакшыртуу болуп эсептелет жана биз жергиликтүү телерадиоканалдарды жана контенттерди өндүрүүчүлөрдү колдоо багытын алышыбыз керек", – деп белгиледи А.Темирбекова.

“РМТР РӨБ” ААКнын маалыматы боюнча, Социалдык пакеттеги телеканалдарды көрсөтүү үчүн түзүлгөн келишим боюнча ылайык параллелдүү мөөнөттөрдөгү төлөмдөрдүн баасы 2015-жылы калктын 80 % камсыз болгон учурда 154,8 млн. сомду түзсө, 2016-жылы калктын 85 % камсыз болгон учурда 154,7 млн. сомду түзсө, 2017-жылы калктын 95 % камсыз болгон учурда көрсөтүүлөр үчүн чындыгында техникалык токтотуулар менен 246,1 млн. сумманы түздү. 2018-жылга карата “РМТР РӨБ” ААК берген маалыматына ылайык, аталган кызматтар үчүн 302 млн. сом суммасында акча керектелет.

Мындан сырткары, менчик телерадиоуюмдар үчүн коммерциялык пакеттеги бир орундун баасы бир айга 109 440 сомду түзөт, ага жараша бир жылга 1,3 млн. сомду түзөт, бүгүнкү күнгө аталган пакет 60 % гана камсыздалган.

Санариптик передатчиктердин орнотулушуна (камсыз болгон аймак) жараша “РМТР РӨБ” негизги сумманын үстүнө кошуп эсептегендигин кошумчалай кетүү керек. Социалдык пакет бирдиктүү ажыратылгыс агым болуп эсептелгендиктен, анын берүү тарифи 24 сааттык берүү передатчиктеринин көптүгүнө көз каранды болгонуна карабастан эсептелген. Ошол эле учурда, техникалык каражаттар, электр энергиясы, адистер күнү-түнү ишке тартылган.

Интерньюс өкүлчүлүгүнүн директору Э. Каракулова бул маселе буга чейин медиа сектор менен талкуланып, жогорудагы кайрылуу министрликке жөнөтүлгөнүн маалымдады. Кыргызстан – Борбордук Азиядагы дүйнөлүк санариптик тармакка кирген биринчи мамлекет болуп эсептелет. Бул ийгилик мамлекеттин техникалык аспектидеги гана эмес, социалдык, маданий жана экономикалык ийгилиги болуп эсептелет. Бирок, Кыргызстандагы телерадиоберүүнүн өнүгүү жолу телекөрсөтүү секторунун абалын комлекстүү анализинин жоктугунун кесепетинен келип чыгууда. Бул берүү акысынын жогорку баасына жана атамекендик телекөрсөтүү талаасынан сырткаркы контентин коргоо боюнча чаралардын жоктугуна тиешелүү. Биз бүгүнкү талкуунун жыйынтыгында конкреттүү чечимдер кабыл алынат деген чоң үмүттөбүз”- деп билдирди , Э. Каракулова.

РМТР РӨБ ААКнын башкы директору А. Сулайманкулов РМТР РӨБ ААКнын баа саясаты калкка телерадиоберүү кызматын сунуш кылуу социалдык пакетине негизделген жана өндүрүштүк жана эксплуатациялык чыгашаларынын негизинде берүүнүн техникалык камсыздоосун төлөөчү өзүбүздүн шериктештерибиз үчүн иштелип чыккан. Тарифтерди аныктоонун ыкмасы Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен биргеликте иштелип чыккан жана баага болгон тобокелчиликтерди алып таштаганда бүгүнкү күндө колдонууда.

А. Сулайманкуловдун айтымында Кыргыз Республикасында санаритик телерадиоберүүнү киргизгенден тарта тарифтер кайра каралган эмес, жана бүгүнкү жалпы экономикалык тенденциянын чыгаша бөлүгүн өсүшүнө бүгүнкү абалга карата карама- каршы келет.

Пикир

Оставить комментарий