• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Атамекендик медицинанын окумуштуулары жана окутуучулары “КММАга сиңирген эмгеги үчүн” медалы менен сыйланышты

Коом 0

Бишкек, 12-апрель /Кабар/. Атамекендик практикалык медицинанын белгилүү окумуштуулары жана окутуучулары “КММАга сиңирген эмгеги үчүн” медалы менен сыйланышты. Бул тууралуу КММА басма сөз кызматы билдирди.

Алардын арасында академиктер Мамбет Мамакеев, Миталип Мамытов, Арстанбек Мурзалиев, Дүйшө Кудаяров, КР УИА мүчө-корреспонденттери Рахатбек Оморов, Доктурбек Адамбеков, Аширали Зурдинов, профессорлор Марина Эсенаманова, Нелли Ахунбаева, Айнагуль Джумагулова, Абдыманап Муратов жана Камчыбек Узакбаев бар.

Сыйлыктарды тапшырууда И.Ахунбаев атындагы КММАнын ректору, профессор Индира Кудайбергенова академиянын өнүгүшүнө көптөгөн кызматкерлер жана бүтүрүүчүлөр салым кошконун белгиледи. Алардын арасында эң белгилүүлөрүнүн салымын белгилей кетүү керек. Ошондуктан, билим берүү илимди өнүктүрүүдөгү, студенттерди, клиникалык ординаторлорду, интерн жана курсанттарды окутуу жана тарбиялоодогу жогорку жетишкендиктери үчүн сыйлоо максатында “КММАга сиңирген эмгеги үчүн” медалы негизделди.

Айта кетсек, эстелик медалы менен белгилүү даталарга байланыштуу КММАнын кызматкерлери, ардагерлери, башка уюмдардын кызматкерлери жаштарды окутуу жана тарбиялоого жана ЖОЖдун материалдык-техникалык базасын өнүктүрүүгө жигердүү катышкандыктары үчүн сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий