• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Атамекендик өндүрүүчүлөр өлкө бюджетине түшүүлөрдү камсыздайт – вице-премьер-министр

Экономика 0

Бишкек, 29.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаровдун төрагалыгы алдында ички дүң продукциясынын (ИДП) көлөмүн өстүрүү боюнча мамлекеттик органдардын демилгелерин кароо боюнча жумушчу кеңешме өттү.

Замирбек Аскаров баса белгилегендей, өлкө ИДПсынын туруктуу өсүүсү үчүн атамекендик продукцияларды сатып алууну, анын ичинде мамлекеттик сатып алууну болушунча көбөйтүү зарыл.

«Эгерде биз пенсия, жөлөк пулдардын көлөмүн, ошондой эле мугалимдердин, дарыгерлердин эмгек акысын көбөйтүүнү кааласак, анда биз атамекендик өндүрүүчүлөрдү колдоого тийишпиз. Дал ушул атамекендик өндүрүүчүлөр өлкө бюджетине түшүүлөрдү камсыздайт», – деп белгиледи вице-премьер-министр.

Иш-чаралардын планынын долбоорун талкуулоонун соңунда тийиштүү мамлекеттик органдарга сунушталган документти толуктап иштеп чыгуу жана 2019-жылдын 10-январына чейинки мөөнөткө бекитүүгө киргизүү тапшырылды.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 24-декабрынан тарта Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Атамекендик өндүрүштү колдоонун 100 күндүгү» кампаниясын ишке киргизди.

Кампаниянын алкагында атамекендик товар өндүрүүчүлөрдү колдоо боюнча демилгелер киргизилет, алар 100 күндүн ичинде ишке ашырылмакчы. Бардык өндүрүүчүлөргө өз демилгелерин тармактык министрликтерге жана административдик ведомстволорго киргизүү сунушталууда.

Пикир

Оставить комментарий