• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Атанын керээзи” кыргыз тасмасы Германиядагы фестивалда көрсөтүлөт

Маданият 0

Бишкек, 10-апрель /Айжамал Дуйшоева-Кабар/. “Атанын керээзи” кыргыз тасмасы Германиядагы goEast эл аралык кинофестивалында көрсөтүлөт. Бул тууралуу КРнын кинематография фондунан билдирди.

Маалыматка ылайык, фестиваль 26-апрелден 2-майга чейин Висбаденде (Германия) өтөт, бул аралыкта тасма 3 ирет көрсөтүлөт.

“Фестивалдын башкы байгеси – “Алтын лилия” – мыкты тасма, мыкты режиссура жана көркөм оригиналдуулукка берилет. Ар бир номинациянын жеңүүчүсүн эл аралык калыстар аныкташат”,-деп билдирди фонддон.

“Атанын керээзи” - режиссерлор Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун социалдык драмасы, тасма кыргыз элинин гана эмес, жалпы азыркы коомдун миграция темасын чагылдырат.

Тасмада Азат аттуу жигит тууралуу сөз болот, ал Кыргызстанга атасынын сөөгүн жана керээзин алып келет. СССР кулагандан кийин атасы көп суммада карызга батып, чет мамлекетке кетүүгө аргасыз болот. Ал АКШда жашап жүрүп дайыма туулган жеринде жерге берилишин каалачу. Баласы атасынын карыздарын төлөйт. Кыргызстанга келген Азат өз ата мекенин табат.

Эскерте кетсек, мындан мурда 2016-жылы тасма Кыргызстандын атынан “Оскар” сыйлыгынын “Мыкты чет тилдеги тасма” номинациясына көрсөтүлгөн. Муну менен катар тасма 2016-жылы АКШнын Лос-Анжелес шаарында өтүүчү «Asian World Film Festival», 2016-жылы Казакстанда өткөн “Евразия”, Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында өткөн “Дидор”, Минскте өткөн “Листопад” кинофестивалдарына чакырылган. Ал Россиянын кинематографиялык искусство жана илим академиясынын “Ника” сыйлыгынын “КМШ жана Балтия өлкөлөрүнүн мыкты тасмасы” наамын жеңип алган.

Пикир

Оставить комментарий