• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Атанын керээзи” кыргыз тасмасы Россияда өткөн фестивалда байге утту

Маданият 0

Бишкек, 23.11.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. “Атанын керээзи” кыргыз тасмасы Россияда өткөн фестивалда байге утту.

“Кабар” агенттигине режиссер Дастан Жапар уулу билдиргендей, фестиваль Волоколамск шаарында 16нан 20-ноябрь аралыгында өткөн.

Иш-чаранын алкагында көрүүчүлөргө 18 өлкөдөн келген 43 тасма көрсөтүлгөн: Россия, Беларусия, Германия, Грузия, Индия, Испания, Казакстан, Кытая, Кыргызстан, БАЭ, Сирия, АКШ, Тажикистан, Түркия, Өзбекстан, Чехия, Франция жана Эстония.

“Иш-чаранын уюштуруучуларына ыраазычылык билдиребиз. Биздин тасмага берген жогорку баа үчүн чоң рахмат”,-деп билдирди Жапар уулу.

Эске сала кетсек, мурда “Атанын керээзи” кыргыз тасмасы Барселонада өткөн V азия кино фестивалында “Мыкты режиссердук эмгек” үчүн байге уткан.

“Атанын керээзи” тасмасы атасынын сөөгүн жана керээзин Кыргызстанга алып келген Азат аттуу жаш бала тууралуу баяндайт. СССР кулагандан кийин ири карызга баткан атасы чет өлкөгө кетүүгө аргасыз болот. АКШда жашап жүрүп ал дайыма өз мекенинде жерге берилишин тилеп келген. Баласы атасынын карызын төлөйт. Кыргызстанга келген Азат өзү үчүн өз мекенин ачат.

Пикир

Оставить комментарий