• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Атанын керээзи” тасмасы “Азия Оскарына” номинант болду

Маданият 0

Бишкек, 13.10.17 /Венера Акматова – Кабар/. Бүгүн, 13-октябрда Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулунун “Атанын керээзи” тасмасы Азия-Тынч океан киноакадемиясынын (Asia Pacific Screen Awards, APSA) 11-чи фестивалынын “Мыкты киносценарий” сыйлыгына номинант болду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине тасманын режиссерлорунун бири Бакыт Мукул билдирди.

Анын айтымында, бул сыйлык кыргыз кинематографиясынын Азия-Тынч океан киноакадемиясындагы олуттуу жетишкендигинин бири. Бул киноакадемиянын сыйлыгын дүйнөлүк киноиндустриясында “Азия Оскары” деп аташат.

“Ошондой эле номинант катары мен жана Дастан Жапар уулу Азия-Тынч океан киноакадемиясынын мүчө академиктери болдук. “Азия Оскарын” тапшыруу салтанаты 23-ноябрда Австралиянын Брисбене шаарында өтөт”, - деп билдирди Бакыт Мукул.

Белгилей кетсек, “Атанын керээзи” тасмасы буга чейин да бир катар эл аралык сыйлыктарга татыган. Алсак, Монреалда өткөн сынакта “Алтын зенитти” жеңип алышкан.

Пикир

Оставить комментарий