• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

“Атанын керээзи” тасмасы Барселонада фестивалда байге утту

Маданият 0


Бишкек, 13.11.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. “Атанын керээзи” кыргыз тасмасы Барселонада өткөн V азия кино фестивалында “Мыкты режиссердук эмгек” үчүн байге утту.

“Кабар” агенттигине режиссер Дастан Жарап уулу билдиргендей, иш-чара Барселонада 12-ноябрда аяктаган.

“Атанын керээзи” тасмасы атасынын сөөгүн жана керээзин Кыргызстанга алып келген Азат аттуу жаш бала тууралуу баяндайт. СССР кулагандан кийин ири карызга баткан атасы чет өлкөгө кетүүгө аргасыз болот. АКШда жашап жүрүп ал дайыма өз мекенинде жерге берилишин тилеп келген. Баласы атасынын карызын төлөйт. Кыргызстанга келген Азат өзү үчүн өз мекенин ачат.

Пикир

Оставить комментарий