• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“Атанын керээзи” тасмасы “Ника” кино сыйлыгына көрсөтүлдү

Маданият 0

Бишкек, 2-март /Кабар/. Кино режиссер Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулунун “Атанын керээзи” тасмасы Россиянын кинематографиялык искусство академиясынын “Ника” сыйлыгына көрсөтүлдү. Бул тууралуу маалымат www.kyrgyzcinema.com. сайтына жарыяланды.

Белгиленгендей, кечээ Россиянын улуттук “НИКА” кино сыйлыгына талапкер 2016-жылы чыккан тасмалар жарыяланган.

“КМШ жана Балтия өлкөлөрүндөгү мыкты тасма” наамына “Атанын керээзи” дагы кирген, ал беделдүү сыйлык үчүн “Кызыл бак” (Азербайжан), “Күздүн майда –бараты” (Өзбекстан), “Чоочун үй” (Грузия), “Каратас аулундагы чума” (Казакстан) сыяктуу тасмалар менен ат салышат.

Сыйлыкты тапшыруу аземи 28-мартта Москвада өтөт.

Эскерте кетсек, өткөн жылы ушул категорияда башкы сыйлыкты кыргыз режиссеру Мирлан Абдыкалыковдун “Сүтак” тасмасы жеңип алган.

“Атанын керээзи” тасмасы атасынын сөөгүн жана керээзин Кыргызстанга алып келген Азат аттуу жаш бала тууралуу баяндайт. СССР кулагандан кийин ири карызга баткан атасы чет өлкөгө кетүүгө аргасыз болот. АКШда жашап жүрүп ал дайыма өз мекенинде жерге берилишин тилеп келген. Баласы атасынын карызын төлөйт. Кыргызстанга келген Азат өзү үчүн өз мекенин ачат.

Пикир

Оставить комментарий