• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ататүрк паркында бейбаштар сындырып кеткен таштанды челектери менен машыгуу жабдыктары оңдолду

Коом 0

Бишкек, 08.02.19. /Кабар/. "Жашыл чарба" ишканасынын кызматкерлери Бишкектин Ататүрк сейил багында бейбаштар сындырып кеткен таштанды челектерди, машыгуучу жабдыктарын кайрадан оңдоп чыгышты.

Ишкананын басма сөз кызматы билдиргендей, аларды биринчи ирет бузуп жатышкан жок.

"Машыгуу жабдыктары атайын шаар тургандары, сейил бакка келгендер үчүн орнотулган. Кышында да аны менен машыккан шаар тургундары бар. Аларга аяр мамиле кылууну өтүнөбүз", - деп билдирет ишкананын басма сөз кызматы.

Пикир

Оставить комментарий