• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Аткезчилик. Дубайдан учуп келген кыргызстандык iPhone үлгүсүндөгү телефондор менен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.11.21. /Кабар/. Дубайдан учуп келген кыргызстандык контрабандалык iPhone үлгүсүндөгү телефондор менен кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, “Манас” бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Бишкек-Дубай багыты боюнча авиакаттамдан келген жүргүнчүлөрдү бажылык тариздөөнүн процессинде 71 даана iPhone үлгүсүндөү уюлдук телефонду контрабандалык ташып кирүүгө бөгөт коюлган. Товардын жалпы наркы 8 млн 279 миң 448 сомду түзгөн.

И.А.А. аттуу жаран “Жашыл коридор” бажы контролу формасын тандап алуу менен (коштолуучу жүктү текшербестен), бажы органынын кызматкерине декларациялоо үчүн товарлардын жоктугун билдирген. И.А.А. андан ары бажы контролу зонасынан чыгып кетүүгө аракет кылганда “Манас” бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин маалыматтарды эсепке алуу журналына катталган. Материалдар УКМК тергөө органдарына караштуулугу боюнча өткөрүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий