• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Аткезчилик IPhone-6 телефонун КРге алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

Коом 0

Бишкек, 06.10.17./Кабар/. “Манас” бажы кызматынын контрабандага каршы бөлүмү тарабынан аткезчилик жолу менен IPhone-6 табылган. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Е.Ж., аттуу жаран Кореядан транзит менен Казакстан аркылуу Кыргызстанга IPhone-6 үлгүсүндөгү 93 даана телефонду бажы төлөмдөрү жок алып өтүүгө аракет кылган. Телефондордун жалпы суммасы жарым миллион сомго баалаган.

Чогултулган тиешелүү документтер Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий