• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Аткезчилик жол менен ташылып келе жаткан телевизорлор аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.02.21. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматы тарабынан аткезчилик жол менен чет өлкөдөн ташылып келе жаткан телевизор түрүндөгү товар аныкталды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тышкы экономикалык ишмердүүлүк жүргүүгө катыштыгы бар, тагыраак айтканда, ЖЧКлардын бири Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз товар киргизүүнү уюштурганы аныкталды.

2021-жылдын 29-январында “Кыргызтемиржолу” мамлекеттик ишканасынын “Аламедин” темир жолу станциясына чет өлкөдөн жүк келип түшкөн, анда мамлекеттик бажы декларациясына 90 телевизор деп көрсөтүлгөн. Бирок текшерүүнүн жүрүшүндө декларацияда көрсөтүлбөгөн 4 миң 56 даана телевизор аныкталган.

Аталган компаниянын мыйзамга каршы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгында мамлекетке 15 млн сом зыян келтирилген.

Аталган факт сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Иликтөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий