• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Аткезчилик жол менен Өзбекстанга жүк өткөрүүгө аракет кылган кыргыз жараны кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.05.20. /Кабар/. Аткезчилик жол менен Өзбекстанга жүк өткөрүүгө аракет кылган кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү кабарлайт.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 26-майында Айдаркен чек ара отрядынын чек арачылары Кыргызстандан Өзбекстандын аймагына аткезчилик жол менен жүк өткөрүүгө бөгөт коюшкан.

Кыргызстандын 1989-жылы туулган М.Ж., аттуу жараны Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы Чуңкур жерлигинде Hyundai Porter үлгүсүдөгү автоунаасы менен Өзбекстанга 100V жана 220W 6 миң 700 лампочка өткөрүүгө аракет жасаган. Маалым болгондой, жүктүн тиешелүү документтери жок болуп чыккан.

Кармалган жаран менен жүк КР Бажы кызматынын аймактагы бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий