• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Аты келип, өзү жок. Ат-Башыда 50 жаштагы жаран дайынсыз болууда

Аймак 0

Бишкек, 29.06.22. /Кабар/. Ат-Башы районунда 50 жаштагы жаран дайынсыз болууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 28-июнда Ат-Башы районуна караштуу Жаңы-Жер жайлоосунун Кичи-Каманды тилкесине 1972-жылы туулган И.К. аттуу жаран мал издеп кеткен боюнча кайтып келген эмес. Ал адамдын аты үйүнө келип, өзү табылбай жаткандыгы тууралуу маалыматты кошунасы билдирген.

Мындан улам жерине Ат-Башы райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 5 куткаруучу издөө иштерине чыгып кетишкен. Бүгүн буга кошумча саат 11:00до 5 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 5 адам тартылган.

"Учурда издөө иштери уланууда. Кошумча маалымат берилет", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий