• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

«Атымды каралоо үчүн жасалган иш» – Бекмурзаев ага козголгон кылмыш иши боюнча комментарий берди

Коом 0

Бишкек, 13.09.22./Кабар/. Энергетика министри Доскул Бекмурзаев Башкы прокуратура тарабынан ага карата козголгон кылмыш иштери боюнча комментарий берди.

Бекмурзаев мунун баарын анын атын каралоо үчүн жасалган кыңыр иш деп эсептейт.

«Башкы прокуратура козгогон эки кылмыш иши жөнүндө кабардар болсоңуздар керек. Кылмыш иштеринин экөө тең кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деген негизде экен. Бирок, мунун баарын мен, менин атымды каралоо үчүн жасалган кыңыр иш деп эсептейм!

Кымбаттуу кыргызстандыктар! Сиздерге кайрылып жатканымдын себеби, сиздер мени колдоп келгенсиздер, азыр деле таянычым болуп кала бересиздер!

Министрликти башкаруу оңой иш эмес. Президентибиз, урматтуу Садыр Нургожоевичтин мага берген тапшырмасы - көптөгөн жылдар бою өлкөнүн сапатсыз башкарылып сазга баткан экономикалык секторуна олуттуу реформа жүргүзүү болгон. Аталган тармактын иши көптөгөн жылдар бою туура эмес жүргүзүлгөн. Мындай шарттарда жемкорлук иштери гүлдөп, анын кесепетинен кыргыз эли жапа чегип келген.

Өтө жоопкерчиликтүү бул кызматка келүү менен мен жаңы жаркын келечекке жол баштап, энергетика тармагын модернизациялоого бар күчүмдү жумшагам. Аталган секторду ирээтке келтирүүгө болгон аракетим жана андагы чоң өзгөрүүлөр көмүскөдө калып калбайт деп ишенем. Мунун баары айрым бирөөлөргө жакпагандыктан, кээде кайсы бир таасирдүү адамга бут тосуулар болуп, кээде мунун айынан бир нече адамдын же бир топтун кызыкчылыгы тебеленет тура. Мен бул жолдун татаал болорун билгем жана ою жаман адамдарды басып өтөм деп ишенем! Бул тоскоолдуктар мени токтото албайт! Анткени, менин улуу максатым - өлкө менен кыргыз элинин бакубат жашоосу.

Акырында айтаарым, биз жапа тырмак көп ийгиликтерге жеттик. Ал эми алдыда болсо андан да көп милдеттер турат. Мен муну менен жеңилип отуруп калбастан, Кыргызстаным үчүн ишимди уланта берем!», - деп өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырган.

Белгилей кетсек, буга чейин Башкы прокуратура энергетика министри Доскул Бекмурзаевге карата кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча 2 кылмыш иши козголгондугун билдирген.

Пикир

Оставить комментарий