• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Атышуу токтой элек. Чек арага жакын айылдардан 848 жаран көчүрүлдү – өкүлчүлүк

Аймак 0

Бишкек, 29.04.21. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасына жакын айылдардан коопсуз аймакка 848 жаран көчүрүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Анын 498и Баткен шаарына, 350сү Лейлек районуна көчүрүлдү.

“Жергиликтүү жарандык коргонуу кызматары аларды тамак-аш жана керектүү нерселер менен камсыздап жатат. Чек арада абал оор бойдой калууда. Атышуу токтой элек”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, кечээ, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган.
Көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Ошондой эле Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Мындан сырткары, чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий