• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

«Аудитордук иш жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 01.04.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков «Аудитордук иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 20-февралында кабыл алынган.

Аталган Мыйзамдын максаты — аудитордук уюмдарга жана аудиторлорго талаптарды күчөтүп аудитордук текшерүүнүн натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу.

Ушул Мыйзам менен «Аудитордук иш жөнүндө» Мыйзамга төмөнкүдөй толуктоолор киргизилген:

— Аудитор эмгек келишими же келишим (контракт) боюнча аудитор катары бир гана аудитордук уюмдун курамында өз ишин жүзөгө ашырат.

— Аудитордук уюмдун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү 100 000 сомду түзөт.

— Кыргыз Республикасында аудитордук иш менен алектенүүнү каалаган жеке жактарды аттестациялоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирүүгө тийиш.

Пикир

Оставить комментарий