• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Манас Ниязов формасын сатуудан түшкөн акчаны жабыркаган улакчы Жакеевге тапшырды

Спорт 0

Бишкек, 25.01.19. /Кабар/. Көк бөрүчү Манас Ниязовдун 2016-жылы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кийген формасы аукциондо 80 миң сомго сатылган. Ал каражатты Ниязов өз колу менен улакчы Дастан Жакеевге тапшырган. Ал эми улакчынын формасын сатып алган Руслан аттуу жаран Дастанга Манас Ниязовдун формасын да белек кылган.

Аукциондун уюштуруучулары билдиргендей, алар бүгүн Дастан Жакеевге барып каражатты тапшырышкан.

"Аукционго көптөгөн кайдыгер эмес жарандар катышты. Алардын ичинен Руслан эң көп сумманы - 80 миң сом сунуштап жеңип чыккан. Эң кызыгы Руслан мырза форманы Дастандын өзүнө белекке берди", - деп билдирет уюштуруучулар.

Эскерте кетсек, көк бөрүчү Манас Ниязовдун II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кийген формасы аукционго коюлган. Аукцион "Көк Бөрү" федерациясынын Инстаграмдагы расмий баракчасында жүргүзүлүп, улакчынын формасынын баштапкы баасы 2 миң сом деп белгиленген.

Белгилей кетсек, аукцион май айында көк бөрү оюнунда кырсыктаган улакчы Дастан Жакеевдин дарылануусуна жардам берүү максатында уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий