• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Аукционго коюлган Манас Ниязовдун формасы 80 миң сомго сатылды

Спорт 0

Бишкек, 21.01.19. /Кабар/. Көк бөрүчү Манас Ниязовдун 2016-жылы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кийген формасы аукциондо 80 миң сомго сатылды.

Аукцион 19-январда аяктап, эң көп каражат сунуштаган Руслан аттуу жаран жеңүүчү аталган.

Түшкөн каражат көк бөрүчү Дастан Жакеевге дарылануусу үчүн берилмекчи.

Аукцион "Көк Бөрү" федерациясынын Инстаграмдагы расмий баракчасында жүргүзүлүп, улакчынын формасынын баштапкы баасы 2 миң сом деп белгиленген.

Белгилей кетсек, аукциондон түшкөн каражат май айында көк бөрү оюнунда кырсыктаган улакчы Дастан Жакеевдин дарылануусуна жумшалат. Ал көптөгөн кымбат процедуралардан өтүп жаткандыктан ага көп каражат керектелүүдө.

Пикир

Оставить комментарий