• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Аванесов "Даңк” медалы менен сыйланды

Президент 0


Бишкек, 15-июнь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 15-июнда өлкөдө миссиясы аяктагандыгына байланыштуу ПРООНдун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александр Аванесовду кабыл алып, Кыргыз Республикасы менен Бириккен Улуттар Уюмунун ортосундагы кызматташууну чыңдоого кошкон олуттуу салымы үчүн “Даңк” медалы менен сыйлады. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы Александр Аванесовго Кыргызстандагы жемиштүү иши үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөнүн БУУ менен кызматташууну чыңдоого кошкон жеке салымын жана өлкөдө маанилүү реформаларды жана кайра түзүүлөрдү жүргүзгөн мезгилде көрсөткөн жардамын баса белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев менен ПРООНдун туруктуу өкүлү Александр Аванесов Кыргызстандын түйүндүү тармактарындагы жүргүзүлүп жаткан реформаларды, анын ичинде коррупцияга каршы күрөштү, сот, шайлоо жана укук коргоо системаларындагы реформалардын жүрүшү, өлкөнүн жарандык секторун мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле БУУнун Баш катчысы Антониу Гутеррештин жакында Кыргызстанга жасаган сапарынын жыйынтыктары талкууланды.

Жогорку сыйлык үчүн ыраазычылык билдирип, Александр Аванесов ПРООНдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү өз ишинде ар дайым өлкөнүн Президентинин жеке колдоосун сезип тургандыгын белгиледи. “Биз көп иштерди аткардык, айрыкча тынч турмушту камсыз кылуу жагынан бир топ иштерди жасай алдык”, - деп баса белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий