• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Авариядан улам калаанын айрым аймактары жарыксыз калды

Коом 0

Бишкек, 24.10.17. /Кабар/. Бүгүн, 24-октябрда Бишкек саат 09:25те аварияга байланыштуу Абдрахманов, Бөкөнбаев Токтогул жана Эркиндик проспектисиндеги жарык өчкөн. Бул тууралуу “Түндүкэлектр” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, "Центральная-4" көмөк чордонундагы фидер авариялык түрдө өчүп калган.

“Керектөөчүлөр саат 10:10 башка электр булагына кошулду”,-деп айтылат маалыматта.

Учурда атайын кызматчы топ кырсык болгон жерде иш алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий