• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Авариялык абалда конгон тик учак. 3 адам ар кандай деңгээлде күйүк алган

Кырсык 0

Бишкек, 04.06.21. /Кабар/. Кичи-Алай айылында авариялык абалда конгон тик учактагы 15 адамдын үчөөсү ар кандай деңгээлде күйүк алган. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сө кызматы билдирди.

Акыркы такталган маалыматтар боюнча, учактагы 15 адамдын (12 киши жана 3 экипаж мүчөлөрү) ичинен үчөө ар кандай деңгээлде күйүк алышкан.

Жабыркагандар тез жардам менен Ош облустар аралык бириктирилген ооруканасына жөнөтүлдү.

Аталган факт боюнча кызматтык иликтөө башталды.

Эскерте кетсек, бүгүн, 4-июнда 12:45терде КР Куралдуу Күчтөрүнүн тик учагы Ош облусунун Ноокат районунун Кичи-Алай айылынын аймагында аргасыз конгон. Катуу конуунун жыйынтыгында тик учактан өрт чыккан.

Пикир

Оставить комментарий