• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Авариялык абалдагы бир нече мектеп жыл аягына чейин оңдолот - Боронов

Коом 0

Бишкек, 05.08.20. /Кабар/. Авариялык абалдагы бир нече мектеп жыл аягына чейин оңдолот. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Ал жыл аягына чейин оңдоло турган мектептерди атап өттү:

- Чүй облусунун Москва районундагы Биринчи май мектеби: ал 1931-жылы салынып, бүгүнкү күнү жараксыз болуп калган. Ал жердеги окуучулар пионер лагердин имаратында окуп жатышкан;

- Ак-Талаа районундагы Ак-Кыя мектеби: 275 орунга эсептелген мектеп ашар жолу менен салынган. Жараксыз болгондон кийин балдар сыртта окуп жатышкан;

- Кочкор районундагы Туз мектеби: окуганга жараксыз болуп калган;

- Нарын районундагы Эмгек-Талаа, Кеңеш айылдарындагы мектептер: балдар контейнерде окуп жатышкан;

- Кара-Суу районундагы Ак-Тирек мектеби: бул жерде дагы балдар лагерде окуп жүрүшкөн;

- Ноокат районундагы Жаш айылынын мектеби (275 орундуу);

- Өзгөн районундагы Коңкошев мектеби: окуучулар сегиз жеке менчик үйдө окуп келишкен. Ал жакта 375 орундуу мектептин курулушу бүткөрүлүп жатат;

- Өзгөн районундагы Кысык-Алма мектеби (200 орундуу);

- Кара-Буура районундагы Көк-Дөбө айылдык мектеби;

- Талас районундагы Нанаев мектеби; 450 орундуу чоң мектеп, быйыл бүткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий