• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте дарактарды санитардык бутоо иштери жүргүзүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 20.12.22. /Кабар/. Бишкекте бак-дарактарды санитардык бутоо жана авариялык кургак өсүмдүктөрдү тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бутоо иштери "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын адистери тарабынан калаанын Токтогул, Киев-Бейшеналиева, Бөкөнбаев көчөлөрүндө, Жаш Гвардия бульварында, Дэн Сяопин проспектисинде, Жукеев-Пудовкин көчөсүндө жүргүзүлдү.

Муниципалитеттен авариялык абалдагы куураган бак-дарактар деген эмне жана аны кантип аныктоого болорун айтып беришти.

Толугу менен же жарым-жартылай кулап кетиши мүмкүн болгон дарак авариялык деп эсептелет. Эгерде мындай өсүмдүк кулаганда имараттарды, коммуникацияларды бузуп, адамдардын жана жаныбарлардын ден соолугуна зыян келтириши мүмкүн болсо, анда ал кооптуу деп эсептелет. Айрыкча жолдордун жана тротуарлардын, турак жайлардын жана коомдук имараттардын жанында өскөн авариялык дарактар өзгөчө кооптуу.

Дарактын авариялык абалда экенин кантип аныктоого болот?

Бир нече авариялык белгилери бар:

-кургак бутактар жана сөңгөктөр;
-дарактын алсыраган абалы;
-узунунан жана туурасынан кеткен жаракалар;
-бутактар менен сөңгөктүн ортосундагы кичинекей бурч – бул алсыз байланышты жана катуу шамалда сынуу коркунучун билдирет;
-некроз - кабыктын жабыркашы, жаралар;
-чирүү;
-сөңгөгүндө өскөн козу карындар;
-тамыр системасынын кемчиликтери.

Бишкек мэриясы санитардык кыркуу жана авариялык абалдагы дарактарды алуу боюнча 37-53-30 номерине кайрылууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий