• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Авариялык абалдагы мектептердин баары үч жылдын ичинде оңдолот — Жапаров

Өкмөт 0

Бишкек, 07.06.22. /Кабар/. Бишкектеги Ассоль Молдокматованын “Кыргызстандын жаш лидерлери” долбоорунда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөдөгү авариялык абалдагы мектептер оңдоодон өтөрүн билдирди.

Жапаров өлкө аймагында авариялык абалда 253 мектеп бар экендигин маалымдады.

“Үч жыл аралыгында бардык соцмекемелерди калыбына келтирип, интернет киргизип, алар акысыз боло турганына убада беребиз”, - деди министрлер кабинетинин төрагасы.

Пикир

Оставить комментарий