• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жыл башынан бери бюджеттин дефицити 15 млрд сомду түздү - Боронов

Экономика 0

Бишкек, 15.09.20. /Кабар/. Жыл башынан бери бюджеттин дефицити 15 млрд сомду түздү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, жыл башынан бери (август айынын жыйынтыгы боюнча) бюджеттин кирешеси 78,1 млрд сомду, чыгыша 93,1 млрд сомду түздү.

"Дефицит 15 млрд сом болуп, ИПДга карата 4,5%ды түздү. Июнь айынын жыйынтыгы боюнча дефицит 17,7 млрд сом болгон. Салык кызматынын жылдык планы 40,8 млрд сом болсо, 38,4 млрд сом чогултулду. Салык кызматынын көрсөткүчтөрү жакшырып келүүдө. Коронавирус курчуп турган убактагы жетишпестиктерди жоюп келе жатат. Мисалы август айынын планы боюнча Салык кызматы 4,8 млрд сом чогултушу керек болсо, Салык кызматы 5,9 млрд сом чогулткан", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий