• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Август айында коронавирусту дарылоодо колдонулган дары-дармектердин ири партиясы келет

Ден соолук 0

Бишкек, 30.07.20. /Кабар/. Коронавирус маалында дары-дармектер менен камсыз кылуу боюнча абал турукташа баштады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинен билдиришти.

Дары-дармек каражаттары департаментинен билдиришкендей, быйыл 7 айда өлкөгө 14 млрд 300 млн 646,1 миң сомго дары-дармек жана медициналык буюмдар алынып келген. Анын ичинен коронавирусту дарылоодо колдонулуучу дары-дармек жана медициналык буюмдарды сатып алууга 2 млрд 149 млн 282,5 миң сом сарпталган: дары-дармек үчүн - 1 млрд 450 млн 395,8 миң сом жана медициналык буюмдар үчүн - 698 млн 886,6 миң сом.

Маселен былтыр 7 айда өлкөгө 12 млн 601 миң сомдук дары-дармек ташылып келген.

"Президент, өкмөт, мамлекеттик органдар, фармацевтикалык компаниялардын, жеке жана эл аралык уюмдардын, ыктыярчылардын жана активисттердин консолидациясынын аркасы менен дары-дармектер дарылоочу мекемелердин жана дарыкана түйүндөрүнүн керектөөлөрүн жаба ала тургандай көлөмдө алынып келүүдө. Ошол эле учурда дары-дармек жана медициналык буюмдарды өндүргөн ата мекендик ишканалардын потенциалы жогорулап, ал да фармацевтикалык тармакка оң таасирин тийгизүүдө", - депи билдирет департамент.

Департаменттен белгилешкендей, бүгүнкү күнү коронавирусту дарылоодо колдонулуучу дары-дармектердин негизги түрлөрү боюнча таңкыстык байкалбай эле. Дарыкана түйүндөрүндө антиагреганттар (ацетилсалицил кычкылы), антикоагулянттар (Гепарин, эноксапарин, нандропарин) жана антибиотиктер (азитромицин, цефтриаксон, левофлоксацин ж.б.) жетиштүү көлөмдө бар.

15 миң бейтап эсеби менен өлкөнүн бардык муктаждыктарын жабуу (запасы менен) үчүн август айынын аягына чейин бир нече дары-дармектин келиши күтүлүүдө: Гепарин – 96 миң 923 таңгакча, Левофлоксацин – 498 миң 695, Эноксапарин – 89 миң, Азитромицин - 745 миң 851, Надропарин – 34 миң 90, Кларитромицин – 29 миң 230, Дипиридамол – 1 миң 200, Ампициллин - 801 миң 800, Цефепим – 156 миң 240, Ципрофлоксацин – 44 миң 620, Цефтазидим – 54 миң, Ванкомицин – 10 миң 800, Цефтриаксон – 340 миң 720, Аскорбин кычкылы - 19 миң, Ривароксабан – 12 миң, Рингер аралашмасы – 52 миң 680, Парацетамол - 1 млн 316 миң 500, Меропенем – 86 миң 800, Ацетилсалицил кычкылы – 1 млн 381 миң 277, Натрий хлоридинин аралашмасы - 144 миң 900, Суксаметоний – 18 миң, Апиксабан – 9 миң 224.

Пикир

Оставить комментарий