• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Авитаминоздун 10 негизги белгиси

Дүр дүйнө 0

Оорулуулардын 90% авитаминозго чалдыкканын биле беришпейт. Организмде кайсы бир витамин жетишсиз болсо, жакын арада анын мүнөздүү белгилери байкала баштайт де жазат Insider. Бирок биз аларды дайыма эле туура түшүнө бербейбиз. Эмне үчүн чач түшөт? Денеде бүдүрлөр эмнеден пайда болушат? Бул суроолордун баарына жооп табууга болот.

Белгилүү бир белгилери боюнча айрым ооруларды аныктоого мүмкүн.

1.Эгерде какач пайда болсо, демек сизге май кычкылы жетишсиз.

Эгерде башыңыздын териси кургак болсо, омега-3 май кычкылдарын колдонуңуз. Алар баш терисинин майланышып турушуна жакшы таасир беришет. Омега-3 май кычкылын алуу үчүн тамагыңызга майлуу балыкты аралаштырыңыз. Ошондой эле грек жаңгагында жана зыгыр данында альфа-линолен кычкылы бар.

2. Сиздин чачыңыз ичкерип, сынып жатса, анда организмиңизге В тобундагы витаминдер жетишсиз болушу мүмкүн.

Күчтүү жана бекем чачтарга жетишүү үчүн биотин (В7 витамини), ошондой эле фолий кычкылы өтө маанилүү. Бул элементтердин жетишсиздиги чачты алсыз жана ичке кылат. Буга жол бербөө үчүн дан азыктарын көп колдонуу керек. Алар нан жана акшактар. Бир чыны ак күрүч В тобундагы витаминдердин жакшы булагы. Диета кармап жаткан болсоңуз ботколорду шпинат жана спаржага алмаштырыңыз.

3. Ак чач пайда болдубу? Балким, сиздин организмде жез жетишпейт.

Эгер сиз 20 жашта экениңизге карабастан, чачыңыздын арасынан ак чач тапсаңыз бул тууралуу ойлонушуңуз керек. Дарыгерге барып организмиңиздеги жезди текшертүүңүз кажет. Жез чачтын түсүн берүүчү меланинди бөлүнүшүндө зор роль ойнойт. Жез устрицада, моллюскаларда жан козу карындарда көп.

4. Ооздогу жарака жана жаралар В12 витаминдин жетишсиздигин көрсөтүп турат.

Рационуңузга В12нин кошумча булактарын кошуңуз: эт, үй канаттууларынын этин, жумуртка жеңиз. Вегетарианец болсоңуз, В12ни дан азыктарынан жана дрожждон аласыз.

5. Колуңуздан териси куш тери болуп жатса, демек, цинк жана А витамини жетишпейт.

Териңиздин сыйдам болбой, куш терисиндей болушу фолликулярдык кератоз болушу мүмкүн. Ал колдун жана сандын терисиндеги майда бүдүрлөр түрүндө болот. Ал кыз же ак түстө. Мындай учурда цинк жана А витаминдин жетишсиздигине текшерилүү кажет. Канаттуулардын этин, кымыз жана ашкабак данегин көп пайдаланыңыз. А витаминин сабиз, калемпир жана катуу сырдан аласыз.

6. Тырмактарыңызда ак тактар пайда болгону ашказан кычкылынын төмөндөп кеткенинен кабар берет.

Мындай шартта витаминдерди жана минералдарды сиңирүү начарлайт. Балким, зарынанын дарысын ичүү дагы туз кычкылын иштеп чыгарууну азайтат. Мындай жагдайда өз алдынча дарылоого ашыкпай, дарыгерге кайрылуу зарыл.

7. Ар дайым чаалыгууну сезе бересизби? Анда каныңыздагы D витаминди текшертип көрүңүз.

Сиз канчалык жакшы уктап, эс алсаңыз дагы чарчоону сезе берсеңиз каныңыздагы D витамин азайып кеткен болушу мүмкүн. Бул дарыгерге кайрылууга себеп. Ошондой эле сүт азыктарын, балыкты жан козу карындарды көп жеңиз.

8. Денеңизде көп көгөрсө, сизге С витамини жетишсиз болушу мүмкүн.

Денеңиздин бир жерин буюмдарга уруп алып, эртеси көгөрүп калганын байкасызбы? Капиллярларыңыз алсыз. Демек, аларды калыбына келтирүүчү С витамининин камын топтоңуз. Тилекке каршы, С витамин стресс учурларында тез бузулат. Кулпунай, брокколи, лимон жана карагатты көп жешиңиз зарыл.

9. Балтыр этиңизде тартышуу көп болобу? Анда магний жана кальций жетишсиз болушу ыктымал.

Магний менен кальций булчуң эттердин жыйрылуусунда маанилүү роль ойнойт. Магнийди банан, ашкабактын данынан, авокадодон, кальцийди сүт азыктарынан, быштактан, ак капустадан, төө буурчактан алууга болот.

10. Ичиңиз көп катабы? Сизге клетчатка жана магний керек.

Ич катуунун башкы себептеринин бири – рациондо клетчатканын жетишсиздиги. Эркектер үчүн күнүнө 38 грамм, аялдар үчүн 25 грамм дозасында сунушталат. Магний ичти жөнгө салат. Тамагыңызга жасмык (чечевица), броколли, алма, жашылчаларды көп кошуңуз.

Мына ушундай! Бул пайдалуу маалыматты башкаларга бөлүшүнүү унутпаңыздар!

Пикир

Оставить комментарий