• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Авксентьева: Якутскта мыйзам сактап жүргөн кыргызстандыктардын коопсуздугу камсыздалат

Коом 0

Бишкек. 20.03.19 /Кабар/. Кыргыз делегациясы Якутск шаарынын мэри Сардана Авксентьева менен жолукту. Тараптар резонанс жараткан кылмыштуу окуядан кийин жаралган чырды жөнгө салуу боюнча республиканын бийлиги тарабынан жасалган иштер тууралуу сөз кылышты.

Ошондой эле жергиликтүү тургундардын мигранттарга каршы маанайын жөнгө салуу маселеси дагы каралды.

Авксентьеванын маалыматы боюнча, кырдаал колго алынды. Якутскт шаарында мыйзам сактап жүргөн Кыргызстандын жарандары жана башка мигранттардын коопсуздугу камсыздалат. Кооптуу абал жаралса дароо чара көрүлөт.

Якутсктун мэри кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушууну пландаштырууда.

Эске салсак, Якутск шаарында Кыргызстандын жараны жергиликтүү аялды зордуктаган деп айыпталууда. Ал күнөөсүн мойнуна алганы, кылмышка көмөктөшкөн башка эки адам дагы кармалганы кабарланууда.

Бул жагдай жергиликтүү эл арасында коомдук резонанс жаратты. Дүйшөмбү күнү Якутск шаарынын миңдеген тургундары катышкан митинг өттү.

Якутск шаарынын тургундары топ болуп мигранттар иштеген жайларга барып, коркутуп, соода түйүндөрүнүн жабылышын талап кылууда.

Бул окуядан кийин жергиликтүү тургундар тарабынан Борбор Азия өлкөлөрүнөн барган эки адамга кол салынганы айтылууда.

Пикир

Оставить комментарий