• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

“Аврора” санаторийинде 18 адам ууланды, арасында чет элдик спортчулар бар

Коом 0

Бишкек, 08.05.18. /Кабар/. Ысык-Көл облусундагы “Аврора” санаторийинде 18 адам ууланып, анын 7си чет элдик спортчулар. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР Саламаттык сактоо министрлигин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ 13 адам бейтапканага жаткырылган, түнү дагы 5 адам кайрылган.

“Жабыркагандардын арасында 11 кыргызстандык, бирөө ирандык жана алтоо Араб Эмираттарынын жарандары”,-деп билдиришти ССМден.

Жабыркагандар болжолдуу маалымат боюнча тамак-аштан ууланышкан.

“Учурда анализ жүргүзүү үчүн бардык тиешелүү болгон үлгүлөр алынды. Ооруканага жаткырылган жарандардын абалы туруктуу”,-деп кошумчалашты ведомстводон.

Пикир

Оставить комментарий