• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Австралия жумушчуларын колдоо иретинде 80 млрд доллар бөлдү

Дүйнө 0

Бишкек, 30.03.20. /Кабар/. Австралиянын бийлиги коронавирустун таасири астында калган компаниялардын жумушчуларына айлык акы катары 80 млрд доллар бөлдү. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Скотт Моррисон билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

Анын айтымында, жумушунан ажырап калган жана иштеп жаткан мекемелери оор абалда болгон жумушчуларга жарым жыл бою айына болжол менен 920 доллар бөлүп турат. Бул өлкөдөгү орточо эмгек акынын 70%ын түзөт.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Австралияда коронавирусту 4 миң 93 адам жуктуруп, 16 жаран көз жумган.

Эскерте кетсек, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 11-мартта коронавирусту пандемия деп сыпаттаган. Аталган уюмдун маалыматында, илдетти 634 миңден ашык адам жуктурду.

Пикир

Оставить комментарий