• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Австралияда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 6 адамга жетти

Дүйнө 0

Бишкек, 29.01.20. /Кабар/. Австралияда коронавирустун жаңы түрүн жуктуруп алгандардын саны 6 адамга жетти. Бул тууралуу Виктория штатынын башкы дарыгери Брэд Саттон билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

Буга чейин 2019-nCoV илдетин 5 адам жуктуруп алганы белгилүү болгон. Алардын төртөө Түштүк Уэльсте болсо бирөө Виктория штатынан катталган.

"Виктория штатында илдетти жуктуруп алган дагы бир адам катталды. Аталган штаттын 60 жаштагы тургуну 23-январда өзүн жаман сезип, ооруканага кайрылган", - деп айтылат маалыматта.

Дарыгердин айтымында, бейтаптын дос-туугандарында да илдеттин белгилери байкалган, бирок текшерүүдө коронавирус оорусу байкалган эмес.

Эскерте кетсек, Кытайда коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 5 миң 974 кишиге жетип, 132 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий