• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Австралияда мөндүрдөн улам куштар жабыркады

Дүйнө 0

Бишкек, 21.01.20. /Кабар/. Австралияда өрт, нөшөрлөгөн жаан, кум аралаш бороон жана мөндүр сымал табигый кырсыктар уланууда. Бул тууралуу CNN travel басылмасы жазат.

Австралиянын түштүк-чыгышында кум аралаш бороондон кийин гольф тобундай мөндүр жаады. Мөндүр 15 мүнөт бою жаагандан улам бир катар айнек жана куштар жабыркаган.

Өлкөнүн метеорологиялык бюросунун маалыматында, мөндүр Сидней, Вуллонгонг жана Ньюкасл шаарлары көздөй бара жатат.

Пикир

Оставить комментарий