• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Австралиядагы жалындаган өрттөн миллиарддан ашык жаныбар өлдү

Дүйнө 0

Бишкек, 09.01.20. /Кабар/. Австралиядагы үзгүлтүксүз өрттөн улам 1 миллиарддан ашык жаныбар өлгөндүгүн Сидней университетинин басма сөз кызматы жүргүзүлгөн изилдөөгө таянуу менен билдирди.

Университеттин профессору Крис Дикмандын айтымында, 800 миллиондон ашык жаныбар Жаңы Түштүк Уэльс штатында өлгөн. Ал эми өлкө боюнча кыйраган жаныбарлардын саны бир миллиарддан ашат.

"Австралиядагы жалын миллион гектарды каптаган. Акыркы маалыматтарга караганда тилсиз жоодон 25 адамдын өмүрү кыйылган. Кээ бир жерлеринде жалындын күчтүүлүгүнөн улам тик учактар асманда уча албай калган. Австралиянын түштүк-чыгышындагы элдерди коопсуз жерге көчүрүү иштери уланууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий