• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Австралиялык инвесторлор Жалал-Абадда кышкы туризмди өнүктүрүүгө кызыкдар

Аймак 0

Бишкек, 25.11.22. /Кабар/. Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев австралиялык Masterconcept компаниясынын президенти Гернот Ляйтнер жана "Азия Консалдинг Компани" компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Өкүлчүлүктөн билдиргендей, анда тараптар Жалал-Абад курортуна асма жол куруу, шаарды өнүктүрүү багытындагы бир катар сунуштарды талкуулады.

Мындан сырткары, инвесторлор облустун бир катар аймактарында кышкы туризмди өнүктүрүү, асма жол куруу долбоорлорун ишке ашырууга кызыктар экенин билдирди. Ага карата долбоор ушул жылдын 10-декабрына даярдалаары кошумчаланды.

Президенттин өкүлү чет өлкөлүк жана жергиликтүү ишкерлердин аймакты өнүктүрүү багытындагы демилгелерин ар дайым колдоого алаарын билдирди. Бул багытта алгач облустагы туристик объектилерди, курулуш жүргүзүүгө ыңгайлуу жайларды талдап чыгууну сунуштады. Анын жыйынтыгы менен кызматташууну бекемдеп, облустук бийлик тарабынан мүмкүн болгон жардамдар көрсөтүлөөрүн айтты.

Пикир

Оставить комментарий