• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Австралиялык компания менен түзүлгөн меморандумга Жетим-Тоонун тиешеси жок — Сагынбаев

Коом 0

Бишкек, 15.07.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Fortescue Future Industries (PTY LTD) австралиялык компания менен түзүлгөн меморандумга Жетим-Тоонун тиешеси жок. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Жыргалбек Сагынбаев билдирди.

Анын айтымында, интернет тармагына австралиялык компания менен Кыргызстандын ортосунда Жетим-Тоо боюнча меморандумга кол коюлганы тууралуу маалымат тараган.

“Австралиялык компания менен түзүлгөн меморандумга мен төрага болуп турганда кол койгом (ред.: 2020-жылдын 12-декабрында). Себеп дегенде документке Инвестиция жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директору кол коймок, бирок ал андан баш тарткан. Меморандумда эмнелер камтылган? Кыргызстанда геотермалдык энергия булактары көп болгондуктан аталган компания андан энергия алып, өлкөнү электр энергия менен камсыздап, ал экспортко багытталмак. Ал компания өз адистерин жөнөтүшкөн. Алар Кыргызстанда канча геотермалдык энергия булактары бар, канча станция курууга болорун изилдеп, бизнес планын түзүш керек. Үч жылдык изилдөө иштери бүткөндөн кийин, экинчи этапта, министрлер кабинетине бардык документтер жиберилип, инвестициялык келишим түзүлүп, уруксат берилет. Ал келишимге Жетим-Тоо, Кумтөр, Жер үйдүн эч кандай тиешеси жок. Fortescue компаниясы менен түзүлгөн меморандумда энергетика тармагында иш алып баруу гана камтылган”, - дейт ал.

Сагынбаев айрым жарандар долбоордун көчүрмөсүн алып, түшүнбөстөн элди дүрбөлөңгө салып жатканы туура эмес экенин белгилейт.

“Анткени инвесторлорду чочутуп алабыз”, - деди Сагынбаев.

Пикир

Оставить комментарий