• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Австрия башталгыч мектептерде хиджап кийүүгө тыюу салды

Дүйнө 0

Бишкек, 17.05.19. /Кабар/. Австрия парламенти башталгыч мектептерде хиджап кийүүгө тыюу салды. Мыйзам долбоорун канцлер Себастьян Курцтун Австрия элдик партиясы жана Австрия эркиндик партиясы колдоду.

Документте диний же идеологиялык баш кийим кийүүгө тыюу салынганы белгиленген. Мыйзамдын кипа жана паткаларга тиешеси жок. Документке ылайык, бул баш кийимдер чачты толугу менен жаппайт.

Өкмөт мыйзам долбоорун үч жолу парламенттин кароосуна жөнөткөн.

Депутаттардын пикиринде, мыйзам мусулман кыздардын австрия коомуна аралашып кетүүсүнө жардам берет. Оппозиция өкүлдөрү өкмөт популизм менен алектенип жатканын, бул интеграция жана билим берүү маселелерин чечпей турганын айтышууда.

Мыйзамды бузгандар 440 евро өлчөмүндө айып пул төлөшү мүмкүн. Австриядагы мусулмандар коому парламенттин чечимине каршы Конституциялык сотко доо арыз менен кайрылышарын билдиришти. Алардын пикиринде, мыйзам мусулмандарды гана кодулоого багытталган.

2017-жылдан бери Австрияда коомдук жайларда бетти чүмбөттөгөн кийимдерди кийүүгө тыюу салынган.

Пикир

Оставить комментарий