• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Австрияда коронавирусту 157 адам жуктурду

Дүйнө 0

Бишкек, 10.03.20. /Кабар/. Австрияда коронавирустун жаңы түрүн бир суткада 45 адам жуктурду. Жалпы илдетти жуктургандардын саны 157ге жетти. Бул тууралуу өлкөнүн ички иштер министринен билдиргенин РИА Новости жазат.

Дүйшөмбү күнү Австриянын Саламаттык сактоо министрлиги илдетти жуктурган 112 учур катталганын билдирген.

Акыркы маалыматтар боюнча, шейшемби күнү 5 миң 26 адам коронавируска каршы анализ тапшырган. Алардын 157синде коронавирус аныкталган.

Коронавирусту жуктуруп алгандардын эң көбү Вена шаарында байкалган. Ал жерде 43 учур аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий