• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Австрияда өпкөнү сезгенткен дартты 1 миңге жакын адам жуктурду

Дүйнө 0

Бишкек, 16.03.20. /Кабар/. Австрияда коронавирусту жуктургандардын саны 959га жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги маалымат тараткандыгын РИА Новости жазат.

Жекшемби күндүн экинчи жарымында министрлик 860 адам илдетти жуктурганын айткан.

Бүгүнкү күндө Австрияда 8 миң 490 тест жүргүзүлүп, алардын 959унун жыйынтыгында дарттын белгилери аныкталган. Ошондой эле 6 адам оорудан айыкты.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 11-мартта коронавирусту пандемия деп сыпаттаган.

Пикир

Оставить комментарий