• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Венада Кыргызстан менен Австриянын дипмамилелеринин 30 жылдыгына карата иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 07.04.22. /Кабар/. 2022-жылдын 5-апрелинде Вена шаарында Кыргызстандын Австриядагы элчилиги КР менен Австриянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата тегерек стол форматында иш-чара өткөрдү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Вена дипломатиялык академиясынын тарыхый залында өткөрүлгөн салтанаттуу иш-чарага Австриянын Улуттук Кеңешинин (парламентинин) депутаттары, Австриянын Европалык жана эл аралык иштер боюнча федералдык министрлигинин жана башка мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, Вена шаарындагы чет өлкөлөрдүн элчилери, эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлдөрү, коомдук жана саясий ишмерлер, ишкердик чөйрөнүн өкүлдөрү, австрия-кыргыз коомунун мүчөлөрү, ошондой эле Венадагы кыргыз диаспорасынын жетекчилери катышты.

Өзүнүн куттуктоо сөзүндө элчи Т.Макеев Кыргызстандагы учурдагы саясий жана социалдык-экономикалык абал, Австрия менен эки тараптуу мамилелердин негизги аспекттери жана мааракелик жылда мамлекеттер аралык өз ара мамилелерди активдештирүү боюнча австриялык тарап менен биргеликте жасала турган кадамдар тууралуу катышуучуларга маалымат берди.

Атап айтканда, Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы кезектеги саясий консультацияларды, экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-австрия биргелешкен комиссиясынын Сегизинчи отурумун жана бизнес-форумду, Венада Борбордук Азия мамлекеттеринин айыл чарба тармагындагы экспорт Күнүн, Грац шаарында Борбордук Азиялык Экономикалык форумду, ошондой эле Каринтия, Зальцбург жана Жогорку Австрия Федералдык жерлериндеги Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулдарынын катышуусунда инвестициялык маселелер жана туристтик дарамет боюнча расмий презентацияларды өткөрүү тууралуу маалымдады.

Үстүбүздөгү жылдын 4-апрелинде Кыргызстандын Өкмөтү менен канадалык Centerra Gold Inc. компаниясынын ортосунда кол коюлган жөнгө салуу келишимин жана анын алкагында «Кумтор Голд Компанинин» 100% акциясы мамлекеттин менчигине өткөндүгүн, ошону менен КРнын ишкердик жана инвестициялык климатын жакшыртууга өбөлгө түзө турган соттон тышкары чечилген компромисттик макулдашуу жетишилгендигин КР элчиси өзгөчө белгиледи.

Ошондой эле Австриянын Европалык жана эл аралык иштер боюнча федералдык министрлигинин РФ, Чыгыш Европа, Түштүк Кавказ, Түркия, Борбордук Азия жана Арктика боюнча департаментинин Башкы директору Герхард Зайлер бул маанилүү дата менен куттуктап, сөз сүйлөдү. Австриялык дипломат, резиденциясы Нур-Султан шаарында жайгашкан Австриянын КРдагы мурдагы элчиси Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу дипломатиянын алкагындагы мамилелердин деңгээлин жогору баалады. 2021-жылдын ноябрь айында Австриянын тышкы иштер министри жетектеген австриялык чоң делегация Бишкекке иш сапары менен барып, анын жүрүшүндө эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө приоритеттүү көңүл бурулган.

Андан соң Австрия парламентинин депутаты Райнхольд Лопатка сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө Кыргызстанда 2021-жылдын январь айында болуп өткөн президенттик шайлоолорго жогорку баа берди жана ал шайлоолорго ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынын эл аралык байкоочулар миссиясынын жетекчиси катары катышкандыгын айтты. Кыргызстанга 5 жолу барып келген, ошондой эле Австриянын Федералдык Президенти Хайнц Фишердин 2013-жылы КРга болгон сапарында аны коштоп барган депутат Кыргызстан жөнүндө өзүнүн жеке таасирлери жана жылуу эскерүүлөрү тууралуу айтып берди.

Кыргызстандын Каринтия Федералдык жериндеги (Австрия) Ардактуу консулу, Австриянын парламенттик делегацияларынын курамында, ошондой эле ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынын президенти катары Кыргызстанга бир нече ирет барган Кристин Муттонен айым Кыргызстандын укмуштуудай табияты жана эли жөнүндө толкундануу менен айтып берди.

Америка-Австрия фондунун медициналык программасынын аткаруучу директору, доктор Катарин Фитц-Аулитцки айымдын расмий презентациясы чоң кызыгууну жаратты. Аталган фонддун каржылык колдоосу менен 25 жылдан ашык убакыттан бери Кыргыз Республикасынын дарыгерлери Австриянын алдыңкы клиникаларында стажировкадан өтүү уникалдуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынан 589 дарыгер семинарларга катышып, 54 дарыгер Австриянын адистештирилген клиникаларында 3 айлык курстарды бүтүргөн. 5 Эл аралык симпозиум өткөрүлүп, ага Кыргыз Республикасынан 450дөн ашык дарыгерлер катышкан.

Тегерек столдун ишине белгилүү австриялык дипломат, кыргыз-австрия достук Коомунун жетекчиси Мартин Сайдик модераторлук кылды.

Иш-чара Кыргызстандын кайталангыс жаратылышынын кооздугун чагылдырган видеотасмаларды жана фотослайддарды көрсөтүү менен коштолду. Салтанаттуу бөлүктүн соңунда тегерек столдун катышуучулары кыргыз улуттук тамактарынан даам татышты.

Пикир

Оставить комментарий