• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Австриянын элчиси КР ТИМ башчысына ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 10.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын 10-августунда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Нур-Султан шаарындагы резиденциясы менен Австриянын Кыргызстандагы элчиси Вилли Кемпель менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Австриянын элчиси КР ТИМ башчысына ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды.

Руслан Казакбаев Австриянын элчисин Кыргыз Республикасындагы элчи катары ишмердигинин башталышы менен куттуктап, мындан аркы ишине ийгилик каалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Австриянын эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, тактап айтканда, эң жогорку жана жогорку деңгээлде өз ара иш сапарларын уюштурууну, Тышкы иштер министрликтер аралык консультацияларды үзгүлтүксүз өткөрүүнү талкуулашты.

Министр Казакбаев келерки жылы Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы белгилене тургандыгын белгилеп, ушуга байланыштуу Австрия тарапка эки тараптуу кызматташтыктын бардык багыттары боюнча биргелешкен Жол картасын иштеп чыгууну сунуштады.

Тараптар ошондой эле Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы укуктук базаны инвентаризациялоо зарылдыгы тууралуу пикирге келишти.

Тараптар 2020-жылы өткөрүлгөн Экономикалык байланыштар боюнча аралаш кыргыз-австрия комиссиясынын 7-жыйынынын жыйынтыктарын ишке ашыруунун жана Комиссиянын кийинки жыйынын өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Министр Казакбаев Австрия делегациясын 2021-жылдын 5-ноябрында Бишкекте жогорку деңгээлде өтүүчү ЕБ-БА 1-экономикалык форумуна катышууга чакырды. Мындан тышкары, тараптар Кыргызстанда кыргыз-австрия бизнес форумун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Австриянын Кыргыз Республикасындагы элчиси В.Кемпель өз кезегинде, Австрия тараптын Кыргыз Республикасында экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин, анын ичинде Кыргыз Республикасындагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Австриянын «жеңилдетилген» насыяларды (жеңилдетилген кредиттөө) берүү мүмкүнчүлүгүн белгиледи.

Казакбаев ошондой эле Кыргызстан менен Австриянын ортосунда орто билим берүү тармагындагы кызматташууну мындан ары өнүктүрүүнүн, Кыргыз Республикасы менен Австриянын университеттеринин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Австрия тарапка ошондой эле Кыргызстанда Австриянын соода, маданият жана билим берүү үйүн түзүү сунушталды.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө БУУ институттарынын алкагында көп тараптуу форматта өз ара аракеттенүү маселелери да талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий