• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Автоинспекция: Жол эрежесин бузган айдоочулардын саны азайды

Коом 0

Бишкек, 22.01.19 /Кабар/. Жаңы Тартип бузуу жөнүндө кодекс иштей баштагандан бери жол эрежесин бузган айдоочулардын саны азайды. Бул тууралуу Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өкүлү Тилек Оторов "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" берүүсүндө билдирди.

"Мисалы, 2018-жылдын декабрь айынын акыркы жумасында 1000ден ашык жол эрежелерин бузуу катталган болсо, 2019-жылдын январь айынын биринчи жумасында жол эрежеси бузулган 200 учур катталды. Ошону менен жол кырсыктардын азайышы да байкалып жатат", – деди Тилек Оторов.

Эске салсак, 2019-жылдын 1-январдан тартып жол эрежесин бузган айдоочуларга салынчу айып пулдун өлчөмү көбөйгөн. Мас абалында машине айдагандар 17 500 сом айыпка жыгылат. Ал эми 40 чакырымдык ылдамдык чегин бузган айдоочулар 7500 сом айып пул төлөйт.

Пикир

Оставить комментарий