• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Автоматтык эсептөөчү урналарды алдын ала программалоого мүмкүн эмес - Шайлдабекова

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 06.10. 17 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Автоматтык эсептөөчү урналарды (АЭУ) алдын ала программалоого мүмкүн эмес. Бул тууралуу шайлоо системасынын презентациясында БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Ал АЭУларды программалоого болбой турганын, урналар маалыматтарды топтоого жана сактоого колдонуларын белгиледи.

“Маалыматтар системага төмөнкү тартипте киргизилмекчи: талапкерлер, тилкелердин саны, ар бир тилкедеги шайлоочулардын саны тууралуу маалыматтар киргизилет. Эч кандай алдын ала программалоо болбойт. Эч кандай тышкы таасир берүү жана добуштардын жыйынтыгын алдын ала аныктоого мүмкүн эмес”, - деди ал.

Шайлдабекова система жана коддор тууралуу Боршайкомдун Аппаратынын чектелген гана кызматкерлери билишерин айтты.

Ал арада презентацияга катышкан президенттикке талапкер Токтайым Үмөталиева АЭУларды тилкелерге кантип жеткизишерин биле турганын айтты. Анын айтымында, аларга дээрлик эч ким көзөмөлдүк кылбайт.

Буга Шайлдабекова автоматтык эсептөөчү урналар – бул ыйык буюм эмес, жөн гана техника деп жооп кайтарды.

Пикир

Оставить комментарий